Биз менен байланышыңыз

Секимовго сөгүш жарыялоо сунушу өкмөткө киргизилди

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 1134 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов мекеменин статс-катчысы Бактыбек Секимовго сөгүш жарыялоо боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Бул тууралуу ал «Марал» радиосуна билдирди.

Жаманкуловдун айтымында, Секимов ырчы Самара Каримованы ал министр боло элек кезде кызматка дайындаганы мыйзамсыз болгон.

Эске салсак, министр Азамат Жаманкулов ырчы Самара Каримова Ныязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотту. Каримова музыкалык орто окуу жайдын директорлугуна 30-октябрда дайындалган.

Маданият министри Каримованы кызматынан бошотту

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM