Биз менен байланышыңыз

Данияр Иманалиев президенттик аппаратка кызматка орношту

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 837 | 0

Данияр Иманалиев президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эске салсак, бул кызматты буга чейин Нурсулу Ахметова аткарган. Ал 19-октябрда кызматынан бошотулган.

Данияр Иманалиев буга чейин Экономика министринин орун басары болуп келген.

Данияр Иманалиев 1980-жылы 21-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн.

2003-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «ишканалардын экономикасы» адистигине ээ болгон.

2012-жылы Япониянын Киото шаарындагы Ритцумейкан университетин «Экономикалык өнүктүрүү» адистиги боюнча аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек таржымалы:

2004-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Инновация» мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору, инновацияларды ишке киргизүү жана инновациялык технологияларды мониторингдөө бөлүмү, 1-категориядагы адис;

2004-2006-жж. – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаштар иши боюнча комитети, координатор;

2006-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, бюджеттик саясатты башкаруунун орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмү, башкы адис;

2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, саясатты иштеп чыгуу тобунун бюджеттик маселелер боюнча эксперти;

2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Тышкы байланыштар башкармалыгы, фискалдык тобокелдиктерди башкаруу сектору, сектор башчысы;

2009 –2010-жж. –Борбордук өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттиги, бюджеттик кызматы, эксперт;

2012 –2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмү, эксперт;

2014-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмү, эксперт;

2014 –2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча сектору, сектор башчы;

2015-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, министрдин орун басары;

05.2018-10.2018-жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмү, бөлүм башчы;

10.2018-ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү, бөлүм башчы.

Copyright © 2017 Maral FM