Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңеши Кылычбек Султандын жана ТИМдин мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгарды

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 1882 | 0

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүнүн негизинде жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгы айтылды. Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын изилдөөсүнүн жыйынтыгында, Тышкы иштер министрлигине кадр тандоодо жетекчилик тарабынан олуттуу кемчиликтер кеткени аныкталган.

Ошондой эле Кылычбек Султандын да мыйзамга каршы келген аракеттери ачыкка чыкканы маалыматта айтылат. Анда Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилигинде жашыруундуулук режимин камсыз кылуу инструкциясы орой бузулгандыгы, элчиликте өндүрүштүк практика өтүү үчүн Кыргызстандын жарандарын ТИМдин макулдугу жок кабыл алышы жашыруундуулук режимине каршы келгенин жазылган. Ал жактагы кызматынан бошотулгандан кийин “аккредитациялык карточкасын” Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп бербегенин да тартип бузуу катары санаган.

2018-жылдын февраль айында Кылычбек Султан «Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке баракчасында жана дагы бир веб-сайтта Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин кат жазышуусун жайгаштырып, ал тургай ТИМ Элчиликке  тапшырмасынын фотокөчүрмөсүн кошо тиркеген. Мунун өзү мамлекеттик кызматтагы расмий документтер менен иштөөдөгү иш ченемдерин бузуу жана жол бергис иш болуп саналат,-деп Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө жазылган.

Териштирүүнүн жыйынтыгында, Элчи Түштүк Кореяда резиденцияда жашабай, узак убакыт мейманканага жайгашканы, министрлик менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттаганы да маалым болду. Ошондой эле элчинин жанында жубайы да коштоп жүргөнү үчүн министрлик ага кошумча каражатты негизсиз кошуп бергени да айтылган.

-“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттин чет элдеги мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакытка чет мамлекетте иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайыздык ченеминдеги акчалай каражат айлыгына кошумча  төлөнөт.  Текшерүүнүн жүрүшүндө Кылычбек Султандын жубайынын Кореяда Элчи менен чогуу жашагандыгын тастыктоочу документтер алынган эмес.  Бирок буга карабастан ТИМ өткөн жылы элчинин жубайын кармоосу үчүн 6,5 миң доллардан ашык өлчөмдөгү каражатты негизсиз төлөп берген.

Кылычбек Султандын Корея Республикасындагы жана Малайзиядагы  дипломатиялык миссиянын башчысы болуп иштеген маалындагы аныкталган фактылар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.

Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы  текшерүүнүн жыйынтыгын президенттин кароосуна 10-октябрда киргизди.

Copyright © 2017 Maral FM