Биз менен байланышыңыз

УКМК: Лабораториялар анализ алуу бааларын бир кыйла төмөндөтөт

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 204 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети медициналык лабораториялардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жеке менчик мекемелер менен жолугушуулар өткөнүн кабарлады.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында «Интелмед» (Бонецкийдин лабораториясы), «Аквалаб», «Евролаб», «Гемотест», «Экспресс-Плюс», «Медикана», «Лазмед» клиникасы, «Гуман», «Интер-Лаб» (Инвитро), «Интермедикал», «Фарватер» ири компаниялары анализ алуу бааларын 30%га арзандатууга макул болушкан.

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр «Юни-Хелп», «Лаб-Сервис», «Көкөмерен», «Юрфа», «Эль-Фарм», «Медикс-Элес», «Медцентр.кж», «Би-Хелс-Фарм», «Эрай-Фарм», «Фарватер», «Мээр-Чөп», «Мирамед жана Ко», «БиЛайв», «Медитэк», «Меди-Прогресс», «Дайра-Фарм» сыяктуу бир катар ЖЧКлар бааларын 15% га чейин төмөндөткөн.

Мындан тышкары Юрфа ЖЧКнын жетекчилиги томографиясынан өтүү кызматын 20%га арзандаткан. Мындай чаралар калган жеке менчик медициналык мекемелер менен да жүргүзүлөрү кабарланды.

Аны менен катар «Интелмед» (Бонецкий) ЖЧКсы менен мамлекеттик медициналык мекемелердин дарыгерлери жолдомо берип жөнөткөн бейтаптардын анализ тапшыруусун 50%га чейин арзандатуу макулдашылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM