Connect with us

Ысык-Ата жана Өзгөн райондорунун акимчиликтерине жана айыл өкмөттөрүнө унаалар тапшырылды

Кыска кабар | 16 Янв 2025 | 99 | 0

Министрлер кабинетинин төрагсы Адылбек Касымалиев Ысык-Ата районунун жана Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана айыл өкмөттөрүнө 25 унаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Минкаб башчысы тапшырылган унаалар аталган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн ишин жакшыртып, натыйжалуулугун арттырат деген ишенимин билдирди.

Президентинин жарлыгынын алкагында пилоттук административдик-аймак катары тандалып алынган Ош облусунун Өзгөн районуна 14, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна 11 унаа берилди.

«Реформанын 1-этабынан кийин бирдиктүү региондук программанын негизинде мамлекеттик органдардын райондук деңгээлдеги бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда дагы бир өзгөчө пилоттук долбоор башталды. Анда министрликтердин жана ведомстволордун бөлүмдөрүн, өкүлчүлүктөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүлүп берилет. Сиздер бул иште пионер болосуздар.  Бул боюнча Президенттин 15-ноябрда Жарлыгы чыкты, ага ылайык, Өкмөттүн токтому даярдалды. Токтом менен Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландары бекитилди», — деди ал.

Адылбек Касымалиев аймактардагы шаарларды өнүктүрүүгө бир топ каражаттар бөлүнүп жатканын айтты, Жалал-Абад шаарына 2,2 миллиард сом, Каракол шаарына 2 миллиард сом, Кара-Балта шаарына 1 миллиард сом, Токмок шаарына 1 миллиард сом, Балыкчыга 300 миллион сом, Талас шаарына 300 миллион сом бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM