Connect with us

Мамлекеттик ипотекалык компания делегеттардын кайрылууларын жеринде кабыл алууда

Кыска кабар | 21 Дек 2024 | 234 | 0

Бүгүн III Элдик курултайда мамлекеттик ипотекалык компанияга жалпысынан 127 делегаттан кайрылуу келип түштү.

Компаниянын жетекчесинин орун басары Нурадил Баясов билдиргендей, делегаттардан келип түшкөн кайрылуулардын 90 пайызы турак жай маселеси болууда.

«Делегеттардан келип түшкөн кайрылуулар мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алуу боюнча болууда. Көбүнесе кантип үй алууга болот, кандай пайыздык чендер бар деген мүнөздөгү суроолор. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кандай жеңилдиктер берилери тууралуу сурагандар бар. Мындан сырткары, мигрант делегеттардан дагы кайрылуулар келип түшүүдө. Ошондой эле кайсыл жерде кандай курулуштар жүрүп жатат деген суроолорго дагы жооп берүүдөбүз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM