Connect with us

Жапаров башка кызматка которулганы үчүн кызматтан кеткени айтылды

Кыска кабар | 16 Дек 2024 | 737 | 0

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулгандыгы тууралуу расмий маалымат берилди. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулгандыгы айтылган. Бирок кайсы кызматка дайындалганы тууралуу айтылган эмес.

Убактылуу Өкмөт башчынын милдетин Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев аткарат. Аны кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал эми Экономика министри Данияр Амангелдиев ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бүгүн, 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кеткени маалым болгон.

Акылбек Жапаров 2021-жылдын 13-октябрында Министрлер кабинетинин төрагасы болуп кызматка келген. Ал жетектеген өкмөт ККМ, ЭТТК сыяктуу салык саясаты менен элдин эң көп талкуусунда болду.

60 жаштагы Акылбек Жапаров бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Мурун каржы министрлигин да жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM