Connect with us

Иске уулануунун белгилери кандай болот?

Кыска кабар | 13 Дек 2024 | 194 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы калкты иске уулануудан сак болууга чакырат.

Маалыматта айтылгандай, уулуу көмүртек кычкылынын же истин түсү жана жыты жок болгондуктан, аны менен уулануу өтө кооптуу.

Ал эми уулануунун негизги себептери: мештерди туура эмес жылытуу, мештин эшигинин ачык калышы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мордун туура эмес иштеши, ал тургай мештеги жаракалар да кайгылуу окуяга алып келиши мүмкүн.

Уулануун белгилери – баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл, кусуу, эстен тануу менен кошо уйку басат. Андан да кооптуусу – өлүм менен коштолоорун дарыгерлер айтып келишет.

ӨКМ белгилегендей, ууланган адамга төмөнкүдөй жардам көрсөтүү зарыл:

— таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
— бөлмөлөрдү желдетүү, терезе-эшиктерди ачуу;
— жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу;
— акыл-эси жайында болсо, таза абага тез арада чыгаруу, нашатырь спиртин жыттатуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылуу;
— жабырлануучу эс-учун жоготсо, “тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM