Connect with us

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ипотекалык үйлөрдү курууга 79 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 377 | 0

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоору боюнча макулдашуу ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуулар «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары болуп саналган жарандар үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотекалык продуктуларды берүү жана турак жай куруу үчүн 79 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоону тартуу каралган.

Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосун Кыргызстан Финансы министрлиги аркылуу алат, Экономика жана коммерция министрлиги аткаруучу агенттик, ал эми долбоорду ишке ашыруучу уюм «Мамлекеттик ипотекалык компания» болот.

Компания тартылган финансылык каражаттын оператору болуп саналат, жер участоктору менен камсыз кылынат жана андан ары сатып алуу менен ижарага берүү үчүн өлкөнүн бардык региондорунда жеткиликтүү турак жайдын курулушун, ошондой эле аталган программанын алкагында жарандар үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча ипотека берүүнү каржылайт.

Copyright © 2017 Maral FM