Connect with us

Акылбек Жапаровдун жоопкерчилигин кароо сунушталды

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 707 | 0

Депутат Исхак Масалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров боюнча чечим кабыл алууну сунуштады. Бул тууралуу ал 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Парламентте 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоору каралууда.

«Кытайлык инвесторлорго өтүшү керек болгон көмүр кени өндүрүшкө кире элек. Үч жыл мурун айтылган. Мал базарларды асфальттоого убада беришкен, эч нерсе жасалган жок. Элге убада бергенден кийин, убаданы аткаруу керек. Министрлер кабинетинин башчысы мыкты адам, ал комсомолдон жакшы тарбия алган. Ал жакшы көрсөткүчтөрдү, долбоорлорду айтууга уста, бирок аны ишке ашырууну унутуп коёт.

Канча министр кызматтан кетти, канча жогорку кызматтагылар жоопко тартылды? Эми акыркы жетекчиси да жооп берген мезгил келип калды деп ойлоп жатам. Биздин колубуздан келбейт, ишенбөөчүлүк жарыяласак менден башка эч ким добуш бербейт. Бирок айткан сөзүмдү маселе чече тургандар карап көрүшү керек. Коррупцияны жок кылууда вице-премьер Камчыбек Ташиев жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Бирок система калып атат, системаны өзгөртмөйүнчө жемкорлукту жоготуу кыйын. Ал үчүн мыйзамдарды күчөтүү керек, керек болсо, өлүм жазасын киргизиш керек. Менин оюм боюнча өкмөттүн иши жетишсиз, Акылбек Жапаровдун жоопкерчилигин карашыбыз керек» , — деди Исхак Масалиев.

Copyright © 2017 Maral FM