Connect with us

Депутат коррупциядан өндүрүлгөн акча ачык көрсөтүлүшү керектигин айтты

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 233 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев коррупцияга каршы күрөштөн миллиарддаган акча өндүрлүп жатканын, бул жакшы көрүнүш экенин, бирок акча кайсы эсепке түшөрү ачык көрсөтүлүшү керектигин айтты.

Депутат парламенттин 11-декабрдагы жайынында жемкорлуктан өндүрүлгөн каражатты иштетүү парламенттин макулдугу менен ишке ашырылышы керек.

«Уурдалган, менчиктештирилген имараттар кайтарылып жатат, жакшы жыйынтыктар болууда, кайсы акча кайсы эсепке түшөт, мен таба албадым, аны ачык көрсөтүү керек, анан иштетилгенде Жогорку Кеңештин макулдугу менен ишке ашышы керек», — деди депутат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев ноябрда 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирген.

Жогорку Кеңеш 11-декабрда «2024-жылга республикалык бюджет жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзам долбоору, «2025-жылга республикалык бюджет жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кароодо.

Copyright © 2017 Maral FM