Connect with us

Сирияда президент Башар Асаддын режими кулаганы айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2024 | 533 | 0

Соңку маалыматтарга ылайык, Сириянын борбору Дамаск шаарына козголоңчу күчтөр кирип, армия чегинге мажбур болду. Бул тууралуу бир катар эл аралык басылмалар жазды.

Алдын ала маалымат боюнча, Сириянын президенти Башар Асад үй-бүлөсүн чет өлкөгө чыгарып жибергени айтылууда. Айрым маалымат каражаттары анын үй-бүлөсү Москвада экенин жазды.

Мындан бир нече күн мурун Сириядагы оппозициячыл топтор Алеппо шаарын ээлеген. Андан ары борбор калаа Дамаскты көздөй жол алган.

Сириянын расмий бийлиги азырынча билдирүү жасай элек.

Кечээ, 7-декабрь күнү оппозициячыл топтор Дамасктын айланасындагы айылдарды басып кирген. Аскердик күчтөр көпчүлүгү эч каршылыксыз багынып, көп учурда козголоңчулар тарапка өтүп кеткени да кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM