Connect with us

Бишкекте салык кызматынын жетекчилери кармалганы айтылууда

Кыска кабар | 4 Дек 2024 | 263 | 0

Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын жетекчилери кармалганы кабарланууда.

3-декабрдын кечинде Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов, Ленин жана Октябрь райондору боюнча башкармалыктарынын жетекчилери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги төрт райондук башкармалыгында тинтүү жүргүзүп, салык кызматынын кызматкерлерин суракка алган.

Атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат бере элек. Салык кызматы да комментарий берүүдөн баш тартты.

Copyright © 2017 Maral FM