Connect with us

Ташиев: «Кыргыз» деген сөздүн чыныгы маанисин билишибиз керек

Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 226 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “кыргыз” деген сөздүн мааниси тууралуу фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

Ал ар бир кыргыз бул сөздү чечмелегенди билиши керектигин айтып, тарыхчылар да туура түшүндүрмө бериши керектигин кошумчалады.

“Менин сиздерге кайрылуума бир олуттуу маселе себеп болуп жатат. Кечээ алыскы бир мамлекетте жумуш менен жүрсөм, ал жакта менден сурап калышты, «кыргыз деген кайдан келип чыккан, биздин билишибизче,   кыргыздар айтат, бул кырк кыз деген сөздөн чыккан деп, ушул чынбы деп». Мен айттым, «кыргыз деген сөз, кырылгыс, түгөнгүс анан кыргыз деп аталып калган деп». Эмне үчүн мен муну айтып жатам, себеби биз кыргыздар өзүбүз кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүп, билип алышыбыз керек, ар бир кыргыз мына ушуну сөзсүз билишибиз керек, бул биздин тарых жана келечек. Ал эми тарыхчыларыбыз да туура түшүндүрүп берет деген ойдомун» , — деп жазды УКМК төрагасы.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM