Connect with us

Шайлоо: Саат 10:00гө карата катышуу 2,25 пайызды түздү

Кыска кабар | 17 Ноя 2024 | 64 | 0

Бүгүн, 17-ноябрда саат 10:00гө карата республика боюнча жалпысынан 4 миллион 135 миң 39 шайлоочунун ичинен 93 миң 176 жаран добуш берди.

Бул шайлоочулардын 2,25 пайызын түздү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров брифингде билдирди.

Аймактар ​​боюнча:

— Баткен облусу — 2,39%,

— Ош облусу — 2,24%,

— Жалал-Абад облусу — 2,96%,

— Нарын облусу — 2,38%,

— Ысык-Көл облусу – 2,32%,

— Чүй облусу — 1,41%,

— Талас облусу – 3,76%,

— шаардык кеңештер боюнча үчүн — 2,9%.

Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Добуш берүү 17-ноябрда таңкы саат 08:00дө башталып, 20:00гө чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM