Connect with us

13-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Ноя 2024 | 255 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,

Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 2…4 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM