Connect with us

«Сапат» окуу жайлардын ичинен биринчилерден болуп өзүнүн маскотун жарыялады

Кыска кабар | 11 Ноя 2024 | 241 | 0

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен биринчилерден болуп өзүнүн маскотун жарыялады. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, билим берүү мекемеси өзүнүн маскотун даярдоодо ак илбирс же барсты өрнөк алган. Тактап айтканда, билимдүүлүктү, акылдуулукту жана инсандык лидерликти символдоштурган Snowy кыргыз табиятынын күчүн, эркиндикти жана көз карандысыздыкты белгилеген ак илбирстен шыктанып жасалган.

Snowy — ак илбирске ылайыкталган жагымдуу жана назик ысым.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Snowy окуучулар үчүн жаңы илхам булагы болуп, сапаттуу билим алууга шыктандырып, колдоо көрсөтүп, жаштарды патриоттуулукка, гумандуулукка, адеп-ахлактуулукка чакырып, алдыга умтулууга жана өз максаттарына жетүүгө үндөйт деп ишенет.

Маскот — бул компаниянын же бренддин мүнөзүн, баалуулуктарын жана маанайын чагылдырган жандуу же фантастикалык образ. Ал бренддин визуалдык идентификациясынын бир бөлүгү болуп саналат жана көбүнчө кардарлар менен эмоционалдык байланыш түзүү максатында колдонулат. Маскоттор бренддин таанылуусуна, эмоционалдык жактан оң кабыл алынышына жана коомчулукка таасир этүүгө жардам берет. Алар көп учурда жарнамаларда, социалдык медиа постторунда, компаниянын вебсайттарында жана башка маркетингдик материалдарда активдүү колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM