13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаашы күтүлөт.
Республиканын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
15-16-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3 градуска жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн.
Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.