Connect with us

Мас абалда унаа айдагандарга жаңы мыйзам сунушталды

Кыска кабар | 9 Ноя 2024 | 211 | 0

Мас абалында рулга отургандарды эки жылга айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

ЖКККББ тарабынан мас абалында рулга отургандарды эки жылга айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ошондой эле, даярдалган документте жорук кайталанса төрт жылга күбөлүктөн ажыратуу жана автоунаасын убактылуу алып коюу каралган.

Мындан тышкары, айдоого укугу жок туруп, мас болуп унаа башкаргандар 10 күнгө камалат. Ушул эле жорук үчүн жашы 60тан ашкан эркектер, 55тен ашкан аялдар, I, II топтогу майыптар жана боюнда бар аялдар камакка алынбайт, бирок 20 миң сом айыпка жыгылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM