Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров иш сапары менен Венгрияга барды

Кыска кабар | 12 Окт 2024 | 62 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Венгриянын Дебрецен шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Сапардын алкагында алгач BMW Group Plant Debrecen заводуна келди, бул Neue Klasse платформасынын негизинде иштелип чыккан жаңы муундагы электр унааларын чыгарууга адистешкен дүйнөдөгү биринчи завод. Минкаб төрагасы заводдун иши менен таанышып, автомобиль куроо жана алдыңкы технологиялар тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады.

Андан соң ал Ангус тукумундагы уйлардын этин жана эт азыктарын өндүрүүгө ылайыкташкан кайра иштетүүчү «Hortobágy Angus» Kft., заводуна барды. Акылбек Жапаров өндүрүш процесстери менен таанышып, тажрыйба алмашуу жана Кыргызстанда алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Дебрецен шаарынан кийин МинКаб Төрагасы Будапешт шаарына учуп кетти, анда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM