Биз менен байланышыңыз

«Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге?». Президент бишкектиктерге кайрылды

Кыска кабар | 11 Окт 2024 | 227 | 0

Президент бишкектиктерди «Тулпар» картасын алууга чакырды. Ал «Тулпар» же банк карта менен жолкире төлөгөндөргө баа көтөрүлбөй турганын айтты.

«Карта менен төлөгөндө 17 сом бойдон калат. Ал эми накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этээр жерин айтканда айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан ар бир шаардык жаран карта алгыла да 17 сомдон накталай эмес төлөгүлө.
Жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу», — деп кайрылуу жасады президент Садыр Жапаров.

Президент накталай төлөмдөр айдоочулардын убактысын аларын да кошумчалаган.
Чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу чексиз жол жүрүү билеттерин алса болот.

Бишкек мэриясы калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүүнү сунуштады. Ошол эле учурда бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тарифти киргизүү да пландалууда.

Мэрия ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу боюнча билдирүү жарыялады.

Коомдук транспортко накталай жол кире канчага көтөрүлүшү мүмкүн экенин мэриядан такташты. Учурда накталай төлөмдөр үчүн жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ал эми накталай эмес төлөм 17 сом бойдон калтырылат.

Мэрия бул чара калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу максатында экенин билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө автобустарда жана троллейбустарда жол кире баасы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай 20 сом.

Азыркы учурда Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууну мэриянын «Бишкек шаардык транспорт», «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» жана «Бишкек троллейбус башкармалыгы» ишканалары аткарат.

Накталай төлөмдү жогорулатуу боюнча сунуштар 19-октябрга чейин кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM