Биз менен байланышыңыз

9 айда өлкөнүн тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү $10,6 млрд түздү

Кыска кабар | 12 Окт 2024 | 110 | 0

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-августунда 10,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, бул 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 13,1 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 8,1 пайызга көбөйгөн.

«ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-августунда 3,2 млрд долларын түздү жана 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 8,8 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,2 пайыз) жана Казакстанга (26,9 пайыз) туура келди», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM