Биз менен байланышыңыз

Унааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча айрым токтомдор өзгөртүлдү

Кыска кабар | 12 Окт 2024 | 63 | 0

Министрлер кабинетинин токтому менен өкмөттүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бул токтом министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинде транспорт каражаттарын кайра каттоодо камсыздандыруу полисинин талап кылынышын жоюу максатында кабыл алынды.

Тагыраак айтканда, сатыкка чыгарылган автотранспорттун камсыздандыруу полисинин мөөнөтү бүтө элек болсо, аны сатып алган автотранспорттун жаңы ээси милдеттүү түрдө камсыздандырбайт.

Тиешелүү токтомго миинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Токтом менен төмөндөгү шилтеме аркылуу толук таанышууга болот:

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4597

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM