Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын журналисттери үчүн Өзбекстанга пресс-тур уюштурулду

Кыска кабар | 12 Окт 2024 | 280 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин басма сөз катчыларынын демилгеси менен кыргызстандык журналисттер үчүн Ташкентке пресс-тур уюштурулду.

11-октябрда Ислам Каримов атындагы Ташкент эл аралык аба майданында журналисттерди Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, Өзбекстандын президентинин Администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин жетекчиси Асаджон Хожаев тосуп алды.

Пресс-турдун алкагында ЖМК өкүлдөрү Самарканд шаарындагы тарыхый жайларды көрүп, Өзбекстандын бир катар телеканалдарына барып, өзбек кесиптештеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ошондой эле Ташкенттеги туристтик жайлар, Борбордук Азиядагы эң ири базарлардын бири «Чорсу» базарына барышат.

Быйыл август айында өзбекстандык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстанда болуп, кыргыз элинин үрп-адаттары, маданияты менен таанышкан.

Уюштуруучулар мындай жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогдун өнүгүшүнө салым кошуп, кыргыз-өзбек элинин достук мамилесин чыңдоого салым кошорун белгилешет.

Кыргызстан менен менен Өзбекстандын дипломатиялык мамилелери 1993-жылдын 16-февралында түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM