Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Фламинго» паркы мамлекетке өткөнү айтылды

Кыска кабар | 11 Окт 2024 | 167 | 0

Бишкек шаарындагы «Фламинго» паркы мамлекеттин балансына өткөнүн Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев айтканын «Кабар» улуттук агенттиги жазды.

Туманбаев аталаган жерге чет өлкөлүк сыйлуу конокторду, өлкө башчыларды тосуп ала турган имарат курулаарын айткан.

Анын сөзүнө караганда, 1997-жылы «Бишкек» эркин экономикалык аймагы менен «Борбор Азия корпорациясы» ЖЧКсынын ортосунда 93 жылдык ижара келишими түзүлгөн. Бирок жеке компания өз милдеттерин аткарбай, парктын аймагын ижарага берген.

Ушу тапта Президенттин иш башкармасынын алдында комиссия түзүлгөнүн, комиссия мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп чыгарын «Кабар» улуттук агенттиги жазган.

«Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, «Ынтымак Ордо» резиденциясынын жанында имараттарды курууга жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. «Фламинго» паркынын ордуна Президенттин иш башкармасы 2026-жылы 18 мамлекеттин башчылары катыша турган ШКУнун кезектеги саммитин утурлай конгресс-холлду курууну пландоодо.

Министрлер кабинети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин конгресс-холлдун курулушу келерки жылдын жаз айларында башталат» , — дейт Каныбек Туманбаев.

Учурда экинчи тарап эч кандай комментарий бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM