Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган чоң концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Концертке кыргыз эстрада жылдыздары катышат. Башталышы 18:00дө.
Кыргызстанда жыл сайын 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.