Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө 9 айда керектөө баалары 3,4 пайызга өстү

Кыска кабар | 11 Окт 2024 | 115 | 0

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү өлкө боюнча 3,4 пайызды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева маалымдады.

Анын айтымында, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 9,2 пайызга, азык — түлүк эмес товарларга — 2,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга — 1,4 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер — 7,0 пайызга жогорулады.

«Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусун кошпогондо, республиканын бардык региондорунда байкалды (0,1 пайызга төмөндөө). Мында баалардын максималдуу өсүшү (4,5 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталды», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM