Унааны кайра каттоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынбайт. Мындай маалыматты Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик таратты.
Унааны кайра каттоо үчүн төмөнкү документтердин пакетин берүү жетиштүү:
— өздүгүн тастыктаган документ;
— транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү;
— учурдагы салык мезгили үчүн салык төлөмүнүн квитанциясы.
Эске салсак, документтерди Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө тапшырса болот.
Жубайлардын биргелешкен менчигиндеги транспорт каражатын кайра каттоодо жубайынын макулдугу талап кылынат.