Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

Кыска кабар | 11 Окт 2024 | 120 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына жөнөп кетти.

Анда өлкө башчысы түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган «Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM