Бүгүн Өтмөк ашуусуна 6-7 сантиметр калыңдыктагы кар жаады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жеринде №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат. Жол ачык.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу керектигин белгиледи.