Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: «Как» жана «Талды-Булактан» уран калдыктары ташылып бүттү

Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 128 | 0
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы «Как» жана «Талды-Булак» уран калдыктары сакталган жайдан уулуу калдыктарды башка жерге ташуу иштери аягына чыкты. Ал эми «Туюк-Суу» сактоочу жайындагы иштер соңуна чыгып калды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, рекультивациялык иштерди жүргүзүүдө эл аралык коопсуздук стандарттары сакталганын билдирди.

Орусиянын «Росатом» ишканасынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 10-октябрда Миң-Куш айылына иш сапары менен барган.

Миң-Куштаы уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо Орусиянын «Росатом» атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын ортосундагы программа аркылуу ишке ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM