Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Жаан жаашы күтүлөт

Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 171 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-октябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймакта 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM