Биз менен байланышыңыз

Ташиев: “Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек”

Кыска кабар | 13 Окт 2024 | 69 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 12-октябрда Баткенде чек арачылар менен жолугушуу учурунда, шайлоого бараткан ар бир талапкерди кылдат текшерүүнү, күмөндүүлөрдү тизмеден чыгарууну тапшырды.

“Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек. Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек. Мурдагыдай бирөө бирөөнүн эркине басым жасабайт. Биз депутаттар таза болсун, элге мамлекетке кызмат кылсын деп аракет кылып жатабыз. Артында калбыры бар, криминалга аралашкан, коррупцияга аралашкан, мыйзам бузган адамдардын баарын тазалаганга аракет кылдык. Парламентте ушундай туура эмес шайлангандардын баарын ордуна келтирдик. Шайлоого бараткан партиялардын ар бир талапкерин кылдат текшерип чыккыла. Алардын криминалга, коррупцияга тиешеси болсо, же тууган-уругунун тиешеси болсо тизмеден чыгаргыла. Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузуучулукка барса ал мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мамлекеттеги тазалануу шайлоолордон башталышы керек. Мен шайлоого катышкан саясатчы катары ушу шайлоонун азабын укмуш көп тарттым. Ошентип кыйнап-кыстап жүрүп добуш бердирткен партиялар, депутаттар азыр каякта калды?”-деди Ташиев.

Эске салсак, КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда болот. Ал эми үгүт өнөктүгү 17-октябрда башталат.

Copyright © 2017 Maral FM