Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 142 | 0

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда акын жана философ Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган эл аралык форумга катышуу үчүн Түркмөнстанга иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата өтө турган эл аралык форум өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат.

Copyright © 2017 Maral FM