Биз менен байланышыңыз

РПО РМТРдин жамаатына жаңы унаалар берилди

Кыска кабар | 13 Окт 2024 | 50 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Радиорелейлик магистралынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ачык акционердик коомуна барды. Акылбек Жапаровго 2023-2025-жылдарга карата “РПО РМТР” ААКты өнүктүрүү стратегиясынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда санариптик жабдууларынын, санариптик телеберүүнүн социалдык пакетин берүүнү камсыз кылган тараткычтарынын, спутниктик байланыш жабдууларынын жаңыланганы, мамлекеттик теле көрсөтүүлөрүнүн жана радио уктурууларынын программаларын берүү тармагынын кеңейтилгени сыяктуу бир катар иштердин жүргүзүлгөнү айтылды.

Акылбек Жапаров РПО РМТРдин жаңы теле көрсөтүү өткөргүчү жана жаңы санарип компрессиялык техникалуу болушу менен куттуктап, бул модернизацияланууга карай олуттуу кадам экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Жапаров ишкана кызматкерлеринин Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигин чыңдоого кошкон салымын жогору бааларын айтып, РПО РМТРдин жамаатына жаңы кызматтык унаалардын ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, “РПО РМТР” ААК өзгөчө статустагы стратегиялык объект — эл аралык телефон сигналдарын күнү-түнү берүүнү, интернет жана башка массалык маалымат каражаттарынын кызматтарын, өлкөнүн улуттук жана маалыматтык коопсуздугун камсыз кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM