Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы 6 көмөк чордон курууда

Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 121 | 0

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому 6 жаңы көмөк чордонун курууда.

Анын ичинен Жалал-Абад облусундагы 35/10 кВ «Дейрес» жана Ысык-Көл облусундагы 110/10 кВ «Чырпыкты» эки көмөк чордону пайдаланууга берилди.

Калган энергетикалык объектилер жыл аягына чейин аяктай турганы кабарланды.

Алар — Бишкек шаарындагы 110/10 кВ «Ак-Кула» көмөк чордону, 110/10 кВ «Орто-Сай» көмөк чордону, Ош облусундагы 110/10 кВ «Булолу» көмөк чордону, Жалал-Абад облусундагы 35/10 кВ «С. Дүйшеев» көмөк чордону.

Курулушту каржылоо компаниянын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM