Биз менен байланышыңыз

Соттор кеңеши Базарбековдун кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоду

Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 165 | 0

Соттор кеңешинин 9-октябрдагы отурумунда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун кызматтан кетүү тууралуу арызы каралды.

Соттор кеңешинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Базарбековдун судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылды.

Жогорку соттун төрагасынын кызмат ордунан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш президентке жөнөтүлдү.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылы февралда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен дайындалган.

Конституцияга ылайык, Жогорку соттун төрагасы 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Copyright © 2017 Maral FM