Connect with us

«Шарт түзүп анан көчүрүш керек». Депутаттар жаңы автобекет боюнча маселе көтөрдү

Кыска кабар | 31 Окт 2024 | 294 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин 31-октябрдагы жыйынында Сокулук районундагы РИОМ автобазарынын жанындагы убактылуу автобекетте түзүлгөн шарттар боюнча маселе көтөрүштү.

Депутат Дастан Жумабеков өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

«Талас, Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунан келген эл шаарга же кайра облустарга кетишет. Бирок ошол жерде эч кандай шарт жок экен. Шагыл төгүп, тегерегин эле тосуп коюшкан. Башка шарт жок. Ал жерге канча деген адам келип-кетет, же ажаткана, же намаз окуй турган жери жок. Эң негизгиси, кышында эң суук, жайында өтө ысыган жер да ошол аймак. Убактылуу болсо да шарт түзүш керек да. Талаага алып барып эле каттамдар ушул жерде болот деген болбойт», — деди депутат Жумабеков.

Ушундай эле маселени депутаттар Сүйүн Өмүрзаков жана Бактыбек Чойбеков да айтып чыкты.

«Автобекетти шаардын четине жылдырганы жакшы, бирок шарты жок. Айдоочуларга тамак-аш, ажаткана, жатакана жок. Кээ бирлери келип, эс алып, кайра кетишет. Жүргүнчүлөргө да абдан оор болуп жатат. Ар бир районго түз каттаган автобустар болушу керек», — деди депутат Өмүрзаков.

23-октябрдан баштап Бишкектеги батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толук токтотту.

Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен каттап калды.

Нарын жана Ысык-Көл облусуна каттамдар былтыр жаңы курулган “Бишкек автобекетинен” кете баштады. Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына кетүүчү автоунаалар Сокулук районундагы бөлүнгөн жерге көчүрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM