22 жаштагы аялын катуу сабап, тырмактарын жулуп алууга шектелген Сокулук районунун тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 25 жаштагы К.М. аттуу жаран 28-октябрдын таңында жубайын үч саат бою кыйнаган.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси («Үй-бүлөлүк зомбулук») боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин Сокулукта 22 жаштагы келин көптөгөн жаракат менен ооруканага жаткырылганы маалымдалган. Анын абалы орточо туруктуу деп бааланууда.