Бүгүн «Асман аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясынын экинчи учагы Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.
Канаданын DeHavilland Aircraft of Canada компаниясынын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү батыра алат жана 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү.
Ушул эле авикомпаниянын биринчи учагы Кыргызстанга сентябрь айында алып келинген.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, ички каттамдарды тейлөө үчүн сатып алынган 4 учактын экинчиси бүгүн келет, үчүнчүсү январда, төртүнчүсү май айында келет.
2025-жылдын май айынан баштап төрт учак бардык аймактарга уча баштайт. Токтоп турган Талас, Нарын, Каракол, Казарман, Кербен аэропорттору иштей баштайт.
Келерки жылдары Токтогул аэропорту да оңдоодон өтүп, учактарды кабыл алат.
Канадалык учактар кыска аралыкка учууларды эффективдүү аткарууга жөндөмдүү, Кыргызстандын шаарлары менен облустарынын ортосундагы каттамдар үчүн ыңгайлуу.
«Асман эйрлайнс» жаңы туунду авиакомпаниясы 2023-жылы июлда түзүлгөн. Быйыл сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдар ачылары кабарланган.