Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди

Кыска кабар | 28 Окт 2024 | 76 | 0

Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Кытай — Борбордук Азия» 11-кызматташтык форумунун алкагында Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди.

Эдил Байсалов Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилгендигин билдирди. Бул чара элдик дипломатия тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтөт жана Кыргызстандын туристтик рыногу үчүн жагымдуулугун жогорулатат.

Тараптар мындан тышкары, Чүй облусу менен Нинся-Хуэй автономдуу районунун, ошондой эле Бишкек жана Иньчуань шаарларынын ортосундагы боордоштук мамилелердин алкагында кызматташуу акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM