Биз менен байланышыңыз

3-октябрдын аба ырайы

Кыска кабар | 2 Окт 2024 | 135 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18

Бишкекте  түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +22…+24° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM