Биз менен байланышыңыз

БУУ: Ливандан Сирияга 100 миң киши качып өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2024 | 67 | 0

Израил Ливанда «Хизбуллах» кыймылына каршы аскердик операциясын баштагандан бери жүз миңге жакын адам коңшу Сирияга качып өттү. Бул тууралуу 30-сентябрда, БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди маалымдады.

Грандинин айтымында, Ливан тараптан Сириянын чек арасын көздөй келе жаткан адамдардын агымы токтогон жок. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын маалыматына ылайык, БУУнун кызматкерлери Сириянын чек арасындагы төрт контролдук өткөрмө пунктунда жаңы келгендерге жардам берүү үчүн жергиликтүү бийлик жана Кызыл Жарым Ай кызматкерлеринин колдоосу менен иш алып барууда. Тактап айтканда, качкындардын 60% жакыны сириялыктар, калган 40% ливандыктар.

Мурдараак Ливандын премьер-министри Нажиб Микати Израил Ливанга карата ири аба соккуларын баштаганын айтып, үй-жайынан тозгондордун саны бир миллиондон ашканын билдирген. Ал бул көрүнүштү «Ливандын тарыхындагы эң ири жер которуу» деп атады.

Израил Ливандын түштүгүндөгү чек ара аймагында «Хизбуллах» тобунун объектилерине карата «максаттуу рейддер» башталганын билдирди.

Билдирүүдө, Израилдин аба күчтөрү жана ЦАХАЛдын артиллериясы аймактагы аскердик объектилерге «так сокку» берип, Израилдин жердеги күчтөрүн колдоп жаткандыгы айтылган. «Түндүк жебелери» операциясы учурдагы кырдаалды баалоо үчүн жана Газа сектору менен башка аймактардагы жаңжалдар менен параллель жүрүп жатканын ЦАХАЛ баса белгилейт.

Дүйшөмбү күнү кечинде Al Arabiya жана Al Hadath телеканалдары Израилдин танктары Рмейш айылында жайгашканын билдиришти. Муну менен катар, Израилдин брондолгон техникалары артиллерия жана авиациянын көмөгү менен Ливандын чек ара аймактарына кирип келгендиги тууралуу маалыматтар тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM