Марал Радиосу

Медербек Сатыев Жогорку соттун төрасы болуп дайындалды

Медербек Сатыев беш жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрасы болуп дайындалды. Жарлыкка  Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы жыйынында Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин карап, Медербек Сатыевдин талапкерлигин талкуусуз колдогон.

Буга чейин Соттор кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин карап, бир добуштан колдоо тапкан.

50 жаштагы Медербек Сатыев Ош шаарында туулган, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетинин бүтүргөн. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук Сот департаментинин бөлүмүндө баштаган.

2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын мүчөсү болгон.

2020-жылдын октябрында окуяларынан кийин ал президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2021-жылдын июнунан 2022-жылдын сентябрына чейин Президенттин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан соң 2022-жылдын сентябрынан 2023-жылдын ноябрына чейин КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору болгон.

Андан кийин Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору. Ал эми 2024-жылдын башында Жогорку сотунун судьясы болуп шайланган.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазып, аны Соттор кеңеши жана Жогорку Кеңеш карап, макулдугун берген.

Exit mobile version