Биз менен байланышыңыз

Президент 40ка жакын жетекчиге демөөрчүлүк фондунан жардам берип турарын айтты

Кыска кабар | 30 Сен 2024 | 93 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине берген маегинде 40ка жакын жетекчиге демөөрчүлүк фондунан жардам берип турарын айтты.

Жапаров демөөрчүлүк фонду бюджеттик фонд эмес экенин, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы аз болгондуктан материалдык жардам берип турарын кошумчалады.

«Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз.

Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган “Унаанын” жетекчиси да бар эле» , — деди президент.

Өлкө башчы айтып жаткан фондго кимдер демөөрчүлүк кылары ачыкталган эмес.

23-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа» ишканасы) директору Рустам Жокоев жана бир катар кызматкерди кармаган.

Кармоо мамлекеттик агенттиктин чыгыш башкармалыгындагы сынактарды өткөрүүгө байланыштуу экени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM