Connect with us

Кыргызстандын тышкы саясатына 80 жыл

Коом | 22 Окт 2024 | 1400 | 0

Тышкы иштер министрлиги  80 жылдыгын белгиледи. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргызстандын чет өлкөдөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

Өлкө башчы Кыргызстанда көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле Ошол эле учурда Тышкы иштер министрлиги эл аралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө координациялоочу ролду аткарып, мамлекеттин эл аралык саясатын ишке ашырууда биримдикти камсыздап келе жаткандыгын кошумчалады.

Учурда Кыргызстан 170тен ашык мамлекет менен дипломатиялык мамилелер түзгөн, 124 эл аралык уюмдун мүчөсү жана 100дөн ашуун мамлекетте Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү иштейт. Бишкекте болсо аккредитацияланган 100дөн ашык чет элдик элчиликтер жана эл аралык уюмдар бар.

Өлкө башчы көп векторлуу тышкы саясат Кыргызстандын өзгөрүүсүз принциби бойдон калаарын айтты.

«Өлкөбүздүн тышкы саясий ишмердигинде борбордук орунду стратегиялык өнөктөштөр, Борбор Азиядагы жана Евразиядагы коңшу мамлекеттер ээлейт. Ынак коңшулук мамилелерди чыңдаш үчүн чек ара маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Биз Азия, Европа жана Америка өлкөлөрү, мусулман дүйнөсү менен мамилелерди өнүктүрөбүз, ошондой эле Африка, Латын Америкасы жана Океания мамлекеттери менен дипломатиялык байланыштарды жана кызматташууну уланта беребиз. БУУнун алкагында саясий диалогго жана кызматташууга өзгөчө көңүл буруудабыз», — дейт президент.

Ошондой эле бизнес климатын жакшыртуу боюнча чаралар ишке ашырылып, негизги инфратүзүмдүк долбоорлорго чет элдик инвестициялар тартылып жатканын, жаңы жумуш орундары түзүлүп, маалыматтык технологиялар жана финансы секторунда өсүш байкалып жаткандыгын белгиледи.

Экономикалык дипломатия жана инвестицияларды тартуу — өлкөнүн чет өлкөлөр менен болгон экономикалык мамилелеринин негизги милдети экендигин кошумчалады.

Буга чейин Президент КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити учурунда орусиялык журналисттердин суроосуна «Батыш бизге Орусия менен кызматташуу боюнча көрсөтмө бербеши керек», — деп айткан.

Өлкө башчы Ашхабаддагы форумда орусиялык журналисттер күтүүсүздөн суроо бергенин айткан.

Президент төрт жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жаткандыгын белгилеген.

«Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери Батыш өлкөлөрү Орусияны жектеп келишет. Албетте, Орусия менен кызматташпагыла деген Батыш өлкөлөрү бар. Бирок мен аларга дайыма чын жүрөгүмдөн ачык жооп берип келем: «Орусия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Орусиядан мунай алабыз, жолубуз да Орусия аркылуу. Орусияда бир миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Орусия менен иштешпей коё алабыз. Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Орусия менен иштешип жатасыңар го. Орусия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Орусия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз» деп ачык эле айтып жатам», — деп айткан президент.

Президенттин сөзүнө караганда, Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташууда. Ошондой эле жакында эле Евросоюз менен дагы кызматташууга кол коюп, КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып, айрым  өлкөлөрү менен товар алмашуунун көлөмү төрт жылда жети эсеге өскөн.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев да Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жаткандыгын айтып, өлкөнүн негизги стратегиялык өнөктөштөрү кошуна өлкөлөр экендигин белгиледи.

«Кыргызстандын негизги стратегиялык өлкөлөрү катары биздин кошуна өлкөлөр болуп саналат. Андан кийин тыгыз мамилиде Орусия менен кызматташып келебиз».

Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн III даражадагы «Манас» ордени менен «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы Жаңыл Түмөнбаева, “Данакер” ордени менен «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмесинин аксакалдар кеңешинин мүчөсү Жумакадыр Атабеков жана «Даңк»ордени менен Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын ардагери Муратбек Иманалиев, Эднан Карабаев сыйланды.

«Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы Жаңыл Түмөнбаева 1989-1991- жылдары тышкы иштер министрлиги кызматында эмгектенген.

Ал союз мезгилинде Тышкы иштер министрлигинин эч кандай укугу болбогондугуна токтолду:

«Мен союз мезгилинде Тышкы иштер министрлигинде иштеп калдым. Ал кезде министрликте төрт гана штат болгон. Анда ТИМдин эч кандай укугу болгон эмес. Керек болсо, гуманитардык кызматташуу боюнча да башка өлкөлөр менен алака-катыш кыла алган эмеспиз. Алар башка өлкөлөрдөн келген делегация жана консулдук, виза иштери менен гана алектенген. Ошол кезде Москвада Тышкы иштер министрлигинде 40 штат, Казакстанда 25 штат менен иштечү. 1989-жылы гана Тышкы иштер министрлигинин штаты кеңейип, башка өлкөлөр менен мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк болгон».

Ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы саясаты көп тармактуу жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

«Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмесинин аксакалдар кеңешинин мүчөсү Жумакадыр Атабеков учурда Тышкы иштер министрлиги алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгын, бирок дагы да жасай турчу жумуштар бар экендигин айтты.

Тышкы иштер министрлиги 1944-жылы 17-мартта түптөлгөн. Министрликти Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары жетектечү. Алгач ТИМде болгону төрт кызматкер иштеп, алар протокол боюнча чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана виза берүү кызматын аткарчу. 1989-жылдан тарта ведомствонун штаты көбөйтүп, функциясы кеңейген.

Copyright © 2017 Maral FM