Биз менен байланышыңыз

Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын соода күркөсүнүн ачылды

Кыска кабар | 23 Сен 2024 | 84 | 0

Кытайдын Сиань шаарында Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борбору ачылды. Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кытайдын Шэньси провинциясынын губернатору Чжао Ган баштаган эки тараптын мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.

Борбордун аянты миң чарчы метр. Анда Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды көргөзмөгө коюуга жана Кыргызстан тууралуу маалымат алууга, ошондой эле ишкерлер ортосунда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө болот, бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Сиань шаарынын так ортосунда 200 чарчы метрди ээлеген Кыргызстандын соода күркөсүнүн ачылыш аземи да болду. Бул күркөдө Кыргызстанда чыгарылган продукциялар үзгүлтүксүз сатыкка коюлуп турат. Атамекендик продукциялар офлайн форматында гана эмес, Douying, Wechat жана Pingduoduo сыяктуу интернет-тиркемелери аркылуу да онлайн сатыкка чыгат.

Жалпы 1200 чарчы метр аянт Сиань шаарынын мэриясы тарабынан Кыргызстанга 3 жылга акысыз берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM