Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан көкбөрү боюнча чемпион болду

Кыска кабар | 12 Сен 2024 | 817 | 0

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстан менен Казакстандын көкбөрү боюнча курама командалары Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында финалдык беттеш өткөрдү. Анда Кыргызстандын көкбөрү командасы 4:10 эсеби менен чемпион болду.

Беттештин биринчи бөлүгү 1:5 эсебинде жыйынтыкталды. Анда Кыргызстандын көкбөрүчүлөр 5 улак таштап, анда 21 жаштагы Дастан Русланов жана Нуржан Мелисбек уулу дубль жасады. Дагы бир улакты Бексултан Абдукалил уулу таштады.

Ал эми беттештин экинчи бөлүгүндө эсепти кыргызстандык улакчы Эржан Тургунбаев ачып, 1:6га теңеди. Андан кийин казакстандык көкбөрүчүлөр эсепти 3:6га жеткирди. Ал эми кыргызстандык Нурдин Болотбеков эки мүнөт ичинде дубль жасап, эсеп 3:8 болду. Андан кийин ыргыз көкбөрүчүсү Бексултан Абдукалил уулу акыркы секундаларында таштаган упайы эсепке алынган жок.

Үчүнчү бөлүктө тогузунчу улакты Бексултан Абдукалил уулу салды. Андан кийин Нурдин Болотбеков Кыргызстанга онунчу упайды алды. Ал эми оюндун аякташына 11 секунд калганда казакстандык улакчы Мейрамбек Абду бир салым таштап, эсеп 4:10 эсебинде жыйынтыкталды.

 

Copyright © 2017 Maral FM