Биз менен байланышыңыз

iPhone 16 смартфондорунун өзгөчүлүктөрү жана баасы (сүрөт)

Блог | 10 Сен 2024 | 595 | 0

Кечээ, 9-сентябрда It’s Glowtime презентациясынын алкагында Apple компаниясы жаңы смартфондорун коомчулукка тааныштырды.

Анда iPhone 16, iPhone 16 Plus, iPhone 16 Pro жана iPhone 16 Pro Max смартфондорунун өзгөчөлүктөрү жана баалары айтылды.

iPhone 16 жана iPhone 16 Plus

Бул эки модел тең «ыкчам жана ири» өлчөмдөгү парадигмасын сактап калды. iPhone 16 6,1 дюймдук дисплейге ээ, iPhone 16 Plus болсо 6,7 дюймдук панелден пайдаланат.

Эң негизги визуалдык айырмасы, арткы камеранын жаңы дизаййны — линзалар эми iPhone Х моделиндеги сыяктуу бири-бирине катар жайгашкан. Ошондой эле, Action баскычы менен фото жана видеого тартуу үчүн сенсордук Capture баскычына ээ. Аны менен объектти жакындатуу же фокусту туура коюуга болот.
Маалыматка ылайык, эки смартфон тең 8 Gb болгон ылдам эстутумга ээ болот. Бул Apple Intelligence чиптеринин туура иштеши үчүн өтө маанилүү.

iPhone 16 жана iPhone 16 Plus беш өңдө сатууга чыкты: кара, ак, күлгүн түс, асман көк жана жашыл.

iPhone 16 Pro жана iPhone 16 Pro Max

Флагман моделдердин дисплейи мурункуларга салыштырмалуу бираз чоңойду.   iPhone 16 Pro диагоналы 6,3 дюйм, iPhone 16 Pro Max болсо 6,9 дюймга тең (мындан мурдагы моделдер 6,1 жана 6,7 дюймга ээ болгон).

Pro версияларда процессор жаңыланды — Apple А18 Pro. Бул жаңы чиптин дагы да күчтүү версиясы.

Эки флагман тең 48 мегапикселдик кең бурчтуу камерага ээ болду. Бул iPhone 15 Pro’догу 12 мегапикселдик модулдан бир канча эсе жогору дегенди түшүндүрөт. Сүрөткө тартканда сапатты жоготпостон 5х оптик даражасында жакындатууга болот. Мындай мүмкүнчүлүк буга чейин бир гана iPhone 15 Pro Max’та бар болчу.

8К видео тартуу, 3D форматта сүрөткө тартуу режими жана жаңы JPEGXL форматындагы сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана кичинекей файл болсо да жогорку сапатты сактап калат.

Жалпысынан алганда, iPhone 16 Pro жана 16 Pro Max дизайны өзгөргөн жок, бир гана кум өңдүү Gold Titanium түрү кошулду. Калган өңдөрү кара Black Titanium,  ак White Titanium жана саргыч Natural Titanium.

Баалары:

iPhone 16 смартфону 799 доллар;

iPhone 16 Plus смартфону 899 доллар;

iPhone 16 Pro смартфону 999 доллар;

iPhone 16 Pro Max смартфону 1199 доллар наркта сатууга чыкты.

Samsung компаниясында 5G технологиясы боюнча иштеген Азамат менен маек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM