Биз менен байланышыңыз

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болду (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Сен 2024 | 174 | 0

Бүгүн, 8-сентябрь күнү Астана шаарында (Казакстан Республикасы) V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Ага өлкө башчылары жана спорт күйөрмандары катышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Аземдин жүрүшүндө ар бир өлкөнүн курама командаларынын парады болду. Кыргызстандын желегин ашыртмалы аба күрөшүнөн катыша турган Бактияр Мирлан уулу көтөрүп чыкты.

Өлкөнүн атынан 181 спортчу 18 спорттун (казак күрөшү, аба ашыртмалы күрөшү, татар күрөшү, кураш, салбуурун, эр эңиш, тыйын эңмей, тогуз коргоол, мангала, овари, ордо,чүкө оюну, таяк тартыш, көк бөрү, көк пар, ат чабыш, кыска аралыкка ат чабыш, алыш бел боо күрөшү аркан тартыш) түрүнөн катышат.

Мелдешке 89 мамлекеттен (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Венгрия, Франция, Германия, Орусия, Ирландия, Жапония, Кипр, Эстония, Болгария, Беларусь, Армения, Бангладеш, Кытай, Австрия, Колумбия ж.б) 2000 ден ашык спортчу катышат.

Эске салсак 8-сентябрть күнү башталып, көчмөндөр оюндары 13-сентябрь күнү жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM